Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 16:27
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Кыргыз-Индия маданияттарынын эриш-аркак жылын өткөрүү пландалууда

02.12.2021 10:03
1744
Кыргыз-Индия маданияттарынын эриш-аркак жылын өткөрүү пландалууда

1-декабрда Нью-Дели шаарында Кыргызстандын элчиси Асеин Исаев Индиянын маданият министринин орун басары Парта Сарти Сен Шарма менен жолугушту. Бул тууралуу элиликтин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи Кыргызстан менен Индияны адамзаттык байланыштарды өнүктүрүүнүн, эки өлкөнүн элдеринин көп кылымдык тарых жана маданият байланыштырып турганын белгиледи.


Элчи Исаев дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен эки өлкөнүн ортосундагы маданият жылын өткөрүү 2022-жылга жылдырылганын айтты. Буга байланыштуу келерки жылы эки өлкөдө биргелешкен маданий иш-чараларды уюштуруу маселеси боюнча тыгыз иштешүүнү сунуштады.


Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн маданий байланыштарды кеңейтүү максатында, элчи музыка, бий, кино, көргөзмөлөр, семинарлар, археология, музей иштери жана башка тармактарда байланыштарды бекемдөөгө багытталган Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы Маданий алмашуу программасына кол коюуну сунуштады.


Индия тарап кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын биргелеп, аныктоого жана аларды мындан ары да алга жылдырууга даяр экендигин билдирди.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы достук байланыштарды өнүктүрүүгө өз ара каалоолорун билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн