Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:45
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-тажик жарандарынын мушташы. Эки кыргыз жаранын сабагандарга чара көрүлөт

22.07.2020 16:34
952
Кыргыз-тажик жарандарынын мушташы. Эки кыргыз жаранын сабагандарга чара көрүлөт


Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу кыргыз-тажик жарандарынын ортосундагы мушташ тууралуу билдирүү таратты.


Маалыматка ылайык, 18-июль күнү Екатеринбург шаарынын райондорунун биринде футбол ойноп жаткан кыргыз жана тажик улутундагы жаш жигиттердин ортосунда түшүнбөстүктөн улам мушташ орун алган.


19-июлда эки тараптан тең адамдар келип, маселени чечүүнү улантышкан. Жыйынтыгында, окуя тирешүүгө чейин жетип, эки тараптагы адамдардын тең денелерине залал келтирилгени айтылат.


Ошондой эле полицияга расмий кайрылуу түшкөн эмес. Окуя пикир келишпестиктен улам мушташуу катары катталган. “Урал калктарынын үйү” уюмунун жетекчилиги менен биргеликте кыргыз жана тажик коомдук уюмдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өткөрүлгөн. Алар өз мекендештеринин арасында боордош эки элдин ортосундагы салттуу достук мамилени сактап калуу чакырыгы менен активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.


Полиция кармаган балдар суракка алынып, эскертүү берилип, анан бошотулган. Бир нече адамга административдик тартипте айып салынган. Эки кыргыз жаранын сабаган, деп шектелгендер кармалып, Россиянын мыйзамдарына ылайык чара көрүлмөкчү. Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу мекендештерден ар кандай чагымчыл мүнөздөгү кайрылуулар менен ушак-айыңдарга алдырбай, туура эмес маалыматты таратуу иш-аракеттеринен алыс болууга чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн