“Кыргыз Темир Жолу” УК мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү жүк ташуучу вагондорду сатып алууга тендер жарыялады.
Тендердин документтерине ылайык, жүк ташыган 150 вагонду сатып алууга 525 млн сом каралган.
Ал эми жүк ташуучу вагондор заводдон жаңы жасалып чыгуусу керек (көргөзмөгө коюлган үлгүлөр жана буга чейин колдонулган, калыбына келтирилбеген). Товар комплектүү түрдө жеткирилип, бири-бири менен конструктивдүү жана функционалдык жактан шайкеш болушу кажет экени айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн