Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:44
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргыз-Түрк достук ооруканасын мындан ары Кыргызстан башкарат

04.02.2022 09:33
873
Кыргыз-Түрк достук ооруканасын мындан ары Кыргызстан башкарат

Бишкекте кечээ, 3-февралда Кыргыз-Түрк достук ооруканасын кыргыз тарапка расмий өткөрүп берүү аземи болду.


Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага оорукананын мурдагы башкы дарыгери Озгюр Челеби жана КР саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов катышты. Ал оорукананын жаңы жетекчиси Осмонали Масалиевди жамаатка тааныштырып, бул орунга дайындалышы менен куттуктады.


Өз кезегинде, түрк тараптын өкүлдөрү кыргызстандык кесиптештерине жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгилик каалашты.


Масалиев Осмонали Саттарович 1967-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн