Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Эстониянын Кыргызстандагы элчиси Яап Ора менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана санариптик чөйрөлөрдө кыргыз-эстон мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Тараптар ошондой эле эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча тажрыйба алмашууга өбөлгө түзгөн ТИМдер аралык саясий консультацияларды үзгүлтүксүз уюштуруу жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну улантуу маселелерин талкуулашты.
2025-жылдын 24-25-апрелинде Бишкек шаарында өтө турган "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" эл аралык конференциясына Эстониянын делегациясынын катышуусу өзүнчө талкууланды.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде эки өлкөнүн өнөр жай министрликтери жана ишкер чөйрөлөрү аркылуу тереңдетүүгө кызыкдар экенин ырасташты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн