Бугу 21, 2024
Убакыт: 12:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргыз-француз мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

20.10.2022 20:24
363
Кыргыз-француз мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Бүгүн, 20-октябрда  Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаусту кабыл алды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык,  жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Кызматташтыкты мындан ары активдештирүү максатында министр Жээнбек Кулубаев бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын маанилүүлүгүн белгиледи.


Тараптар энергетика тармагындагы, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча инвестициялык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Анын алкагында Франциянын элчиси EDF (Electricite de France) мамлекеттик компаниясы жана анын Кыргызстан менен кызматташуу пландары тууралуу кеңири маалымат берди.


Министр Кулубаев өлкөнүн келечектүү гидроэнергетикалык потенциалына токтолуп, стратегиялык маанидеги долбоорлорго ири инвесторлорду жана адистерди тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.


                                

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн