Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргыз-казак чек арасында 400дөн ашык жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду

23.10.2023 14:16
288
Кыргыз-казак чек арасында 400дөн ашык жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду


2023-жылдын 23-октябрында саат 12.00гө карата 410 жүк ташуучу унаа Кыргызстандан чыгуу үчүн “Ак-Тилек-автодорожный” өткөрүү пунктунун алдында чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.


Акыркы суткада Кыргызстандан Казакстанга “Ак-Тилек-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кант цемент заводунун продукциялары менен жеңил жана жүк ташуучу унааларды эсепке албаганда 297 жүк ташуучу унаа жөнөп кетти. Бирок, өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча көрүлгөн чараларга карабастан, өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын тыгыны катталган.


«Жүк ташуучу унаалардын топтолушу сезондук мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынан айыл чарба продукциясын жана эл керектөөчү товарларды экспорттоонун өсүшү менен байланыштуу. Кыргызстан менен Казакстандын чек ара кызматтарынын жүк ташуучу унааларына чектөө жок. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы бардык өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн