Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Казакстан Кыргызстанды контрабанда боюнча кайра айыптады

05.06.2020 16:49
1147
Казакстан Кыргызстанды контрабанда боюнча кайра айыптады

Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы кезек күтүү маселеси боюнча Каржы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитети комментарий берди, деп маалымдады Tengrinews.kz сайты мамлекеттик органдын басма сөз кызматына шилтеме берип.

 

“Мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгын коргоо жана көмүскө товар жүгүртүүнү азайтуу максатында 2019-жылдын башынан тартып ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн чек араларында жүк ташуучу унааларга мониторинг жүргүзүү ишке ашырылган. Чек араларда товарларды коштогон 13 миңден ашык жалган документ аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.

 


Казакстан аркылуу Россияга бараткан жүк ташуучулар тууралуу билдирүүлөр боюнча биринчи кварталдын жыйынтыгында жүктүн 17 пайызы Казакстанда калтырылган. “Мындай көмүскө товар жүгүртүү бюджеттин кирешесине кедергеси тиет жана ата мекендик бизнестин шарттарындагы атаандаштыкта теңсиздик жаралат", - дешет өнөктөш мамлекет.



Бул фактылардын бардыгы Кыргызстандын компетенттүү органдарына эске алуучу үчүн жиберилген. 2019-2020-жылдар аралыгында ЕАЭБдин алкагында жана Бүткүл дүйнөлүк товар уюмунун аянтында эки өлкөнүн эки тараптуу өкмөттөрү жана компетенттүү органдарынын деңгээлинде бир катар жолугушуулар болгон.



Конструктивдүү сүйлөшүүнүн ордуна кыргыз өнөктөштөр тарабынан чек арадагы абалды курчутуу ниети жана чагымчылдык жүрүп жатат”, - деп жазылат маалыматта.



Анда жазылгандай, чек арада азыркы тапта автоунаалардын топтолуп жатканы байкалууда. Бул жер-жемиш өсүмдүктөрүнүн бышыкчылык мезгили жана Кытай менен болгон соода-сатык алакасы жандангандыгына, ошондой эле COVID-19 пандемиясына карата 5 автоунаа өткөрмө бекети жабылып турганына байланытуу.



3-июнда жүк ташуучу унаалардын топтолуп тургандыгына байланыштуу анын себептерин аныктоо максатында “Карасу” жана “Актилек-автожол” өткөрүү бекеттеринде Кыргызстан менен Казакстандын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуулары өткөрүлгөн. Көзөмөл процедураларынын хронометражы көрсөткөндөй, эки биргелешкен пункта 30-35 мүнөттүк убакытты алаары аныкталган. Анын ичинде Казакстандын салык көзөмөлү үчүн документтерди көчүрүүгө 3 мүнөт кетет, деп кошумчаланат маалыматта.



Тема боюнча: Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет (фото)


ЕАЭБ аянтында тоскоолдуктар четтетилет, - Эркин Асрандиев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн