ӨКМ кыргыз-казак чек арасында узун кезекте турган айдоочуларга ысык тамак берди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
17-апрель күнү кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек” постуна, Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 31 жана 33-чакырымдарына тамактануучу жайлары уюштурулду.
Учурда ӨКМдин кызматкерлери болжол менен 360 оор жүк ташуучу унаанын 420 айдоочусуна ысык тамак берди. Ар бир чатыр ашканага керектүү жабдыктар менен жабдылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринен күнү-түнү иш алып барышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн