Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:14
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргыз-казак депутаттарынын жолугушуусунда Чолпон-Ата-Алматы жолу боюнча маселе талкууланды

10.02.2023 11:33
193
Кыргыз-казак депутаттарынын жолугушуусунда Чолпон-Ата-Алматы жолу боюнча маселе талкууланды

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркестан шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин I форумун утурлай Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.


Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды. 


Төрага Нурланбек Шакиев эгемендүүлүк алган жылдардан бери мамлекеттер аралык кызматташтык жигердүү уланып жатканын белгилеп, Кыргызстан боордош Казакстан менен калыптанган достук жана жакын коңшулук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады.


“Жакында эле сиздин Бишкекке жасаган расмий иш сапарыңыз парламенттик алакаларга кошумча дем берип, байланыштарыбызды кеңейтүүгө өбөлгө түздү. Эми кайрадан Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин биринчи форумунун алкагында касиеттүү Түркестан шаарында жолугушуп жаткандыгыбыз символикалуу көрүнүш. Тарыхый инсандары менен таанылган калаада баштаган алгачкы кадамыбыз ийгиликтүү ишке ашып, парламенттер аралык байланыштар аркылуу чөлкөмдөгү кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө терең ишенем. Анткени, “Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык” – дегендей, эзелтен эриш-аркак жашаган эгемендүү беш мамлекет бири-бирибизди колдоп, көйгөйлөрүбүздү өз алдынча чечүүгө аракет кылышыбыз кажет”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы. 


Муну менен катар Нурланбек Шакиев Маулен Ашимбаевди кайрадан Сенат Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. 


Андан тышкары, жолугушууда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү, биргелешкен өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү, Чолпон-Ата-Алматы автожолун куруу маселелери айтылды. 


Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев эки элди бир туугандык мамилелер менен катар стратегиялык өнөктөштүк алака байланыштырып турарын белгилеп, Бишкектеги расмий иш сапарынын алкагында көтөрүлгөн маселелер боюнча тийиштүү жумуштар жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Анын ичинен Казакстандын миграциялык саясатына тиешелүү мыйзам долбоорлорун кароодо кыргызстандык мигранттардын укуктук абалын эске алып, жеңилдиктерди берүү жаатында айтылган сунуштар Президентке жана тийиштүү мекемелерге жеткирилип, каралып жатканын кошумчалады. 


Ал эми Нурланбек Шакиев эмгек мигранттарына тиешелүү аталган маселеге өзгөчө көңүл буруп, кыргызстандыктар үчүн жеңилдиктерди берүүгө үндөдү. 


Ошондой эле жолугушууда Маулен Ашимбаев Төрага Нурланбек Шакиевди Казакстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн