Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргыз куткаруучулары: Түркияда уранды астынан 1 килограмм алтын, 45 миң лира таптык (видео)

25.02.2023 10:10
638
Кыргыз куткаруучулары: Түркияда уранды астынан 1 килограмм алтын, 45 миң лира таптык (видео)

Түркиядагы жер титирөөдө каармандык менен иштеген Кыргыз куткаруучуларынын эрдиги боордош элдин эсинде калат.


24-февралда Түркияда куткаруу иштерин жүргүзгөн 59 куткаруучу Ош шаарына келди. Адистер боордош элдеги кырсыктын кесепетин жоюу чоң тажрыйба болуп,ошол эле учурда кайгыга салды дешет.Куткаруучулар 7 күндөп урандылардын алдында жаткан тирүү адамдарды алып чыгып, жансыз денелер менен бирге баалуу буюмдарга чейин табышкан.


Түркиядагы “кылымдын кырсыгы” деп аталган зилзаланын курмандыктарын жоюуга Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгындагы кинолог Калыйнур Мелисбек уулу дагы алгачкы топ менен жөнөп кеткен. Кинолог 4 жаштагы “Чипа” аттуу ити менен барган. Кыйраган көп кабатуу үйлөрдүн алдындагы жансыз денелерди табуу үйрөтүлгөн иттин жардамы менен ишке ашып жатты дейт.  Атайын үйрөтүлгөн “Чипа” 10дон ашуун жансыз денени аныктап, куткаруучулардын түйшүгүн жеңилдеткен. Жаш кинолог боордош элдеги жер титирөө каттуу таасир бергенин,кырсыктын кийинки жоготууларды сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес дейт.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн