Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Искра Райымкулова дүйнө салды

09.08.2021 07:58
823
Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Искра Райымкулова дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Искра Райымкулова 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу режиссёр Жаныш Кулмамбетов тарабынан маалым болду. Артист менен коштошуу зыйнаты эртең, 9-августта Кыргыз улуттук академиялык драма театрында орун алат. Искра Райымкулова 1937-жылы Кемин районунун Шабдан айылында туулган.


Ал Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" драмасында Жеңишбектин легендага айланган образын жаратып, улуттук театрдын тарыхына кирген.


Ал 1957-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик драма театрында жарым кылымдан ашуун эмгектенип, Алтынай ("Биринчи мугалим"), Алиман ("Саманчынын жолу"), Корделия ("Король Лир"), Кей ("Уурдалган өмүр"), Жульетта ("Ромео менен Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү") сыяктуу ондогон мыкты образдарды жараткан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн