Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз өкмөтү Баткенди өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар алат

20.06.2022 17:24
599
Кыргыз өкмөтү Баткенди өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банктан 50 млн доллар алат


Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) Баткен облусундагы “Региондук экономикалык өнүктүрүү” экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, аны жактырды.

Анда экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында баяндама жасап, жалпысынан 50 миллион доллар алуу каралганын, акчанын теңи грант, калган жарымы насыя болорун билдирди.

"Грант инфраструктуралык долбоорго каралган, насыя болсо айыл чарба, туризм жана кызмат көрсөтүү секторун жакшыртууга берилет. Долбоордун мөөнөтү 2027-жылга чейин деп белгиленген",-деди Сейитов.

Кыргызстан 2021-жылдын башынан бери тышкы донорлордон 335 миллион доллар каражат алган. Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, бул каражаттын 201 миллиону насыялык карыз.

Ошол эле маалда тышкы донорлордон мурда алынган карыздардын 117,13 миллион доллары төлөнүп, жалпы карыздын суммасын азайткан.

Жаңы алынган карыздар менен төлөнгөндөрүн эсептей келгенде, өлкөнүн тышкы карызы 2021-жылдын башынан 2022-жылдын 28-февралына чейин 84,38 миллион АКШ долларына өскөн.

Финансы министрлигинен ырасташкандай, 2021-жылы ар кайсы донорлордон бюджетти колдоо багытында 134 миллион доллар гранттык жардамдар алынган. Буга чейин, президент Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы карызы 2021-жылдын башынан бери 84 миллион долларга өскөнүн билдирген.

Финансы министрлиги 2020-жылдын октябрынан бери "өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 758,3 млн. АКШ доллары суммасында келишимдерге кол коюлганын" жарыялаган. Анын ичинен 291,5 миллион доллары грант, 466,8 миллион доллары насыялык каражат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн