Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 05:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргыз-орус эриш-аркак жылынын жабылыш аземи күзүндө өтөт

02.07.2021 10:55
2266
Кыргыз-орус эриш-аркак жылынын жабылыш аземи күзүндө өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен эки өлкөнүн эриш-аркак жылынын алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашырууну талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.


Анда эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылышын ушул жылдын күз айларында мамлекет башчылардын, Россиянын алдыңкы чыгармачыл жамаатынын, көрүнүктүү искусство өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүү тууралуу кеп болгон. 


“Россиянын Кыргызстандагы маданий күндөрүн августка, ал эми Кыргызстандын Россиядагы кино күндөрүн күздө өткөрүү алдын ала макулдашылды. Ошондой эле тараптар маданият ишмери Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгын биргелешип өткөрө турган болду”, — деп айтылат маалыматта.  


Мындан сырткары, Иманалиев жана элчиликтин кеңешчиси Алмаз Букалаев Щепкин атындагы жогорку театр мектебинин (институтунун) ректору Борис Любимов менен жолугушкан. Анын жүрүшүндө театралдык искусство үчүн 25 адисти даярдоо жана студенттерге билим алуу, жашоо үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү жөнүндө келишим түзүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн