Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:29
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кызыл-Кыя-унаа жолу» бекети убактылуу жабылат

25.11.2021 10:05
693
Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кызыл-Кыя-унаа жолу» бекети убактылуу жабылат


 

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан 3-декабрына чейинки аралыкта «Кызыл-Кыя-унаа жолу» бекети жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, аталган аралыкта Кыргызстандын «Кызыл-Кыя-унаа жолу» жана Өзбекстандын “Өзбекстан-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пункттарында жолдун үстүн жаңыртуу, асфальт төшөө, асфальттоо иштери катарлаш жүргүзүлүп жатканына байланыштуу авто каражаттарынын аталагн посттор аркылуу жүрүшүнө чектөө киргизилет.


Буга байланыштуу белгиленген мөөнөттө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан жүктөрдү жана транспорттук каражаттарды өткөрүү «Достук- унаа жолу» өткөрүү пункту аркылуу ишке ашырылат.


Бажы кызматынан кошумчалашкандай, 2021-жылдын 4-декабрынан тарта «Кызыл-Кыя-унаа жолу» бекети кадимки тартипте иштей баштайт.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн