Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргыз-өзбек чек арасындагы өкүмзордук: Чекит коюлбаса уят болуп бүттүк

04.08.2022 10:05
2903
Кыргыз-өзбек чек арасындагы өкүмзордук: Чекит коюлбаса уят болуп бүттүк


Кечээ радио угуп баратып “Азаттыктан” Арген Нуров мырзанын Оштогу кыргыз-өзбек чек арасындагы таксисттердин Орусияга уччу өзбек жарандарына жасаган зордук мамилеси тууралуу репортажын угуп, чынында баш чайкадым. Айбек Сарыгул да күйүп айтты. “Достук” өткөрмө пунктундагы башаламандыкты, эмне кылуу керек деген сунушум менен эки ирет парламент жыйынында көтөрдүм эле, “аябай маанилүү маселе көтөрдүңүз урматтуу депутат”,-деген салттуу жооптон башка эч нерсе өзгөрбөптүр. 


Биринчиден, Өзбекстан жарандарын да жаран, кошунабыз, адам катары карашыбыз керек, алар жыргаганынан Оштон учуп жаткан жок. Билет 150 доллардын тегерегинде арзан түшөт. Мусаапырдын үй-бүлөсүнө бул сезилээрлик каражат. Жумуш издеп талаалап бараткан адамдын кичине тыйынын да кагып алалы, болгондо да зордук менен алалы деген такыр туура эмес. Кыргызстанды өмүр бою жек көрүп өтөт, болгон таанышына айтат. Ары-бери чек арадан өткөндө эки өлкө жарыша бири-бирибизди кыйнасак, Президенттерибиздин кучакташып, келишимдерге кол коюп, жакын доспуз дегенибиз кайсы? 


Экинчиден, Эл аралык каттам менен учкан ар бир жүргүнчү аэропортко $15 салык калтырат. Ош аэропортунан күнүнө кошуналардан эле миңден ашуун адам учуп жатат, айына миллиондор биздин казынада калат. Ошол салык жол, мектеп курат, айлыкты көтөрөт. Чек арадан өтүп өтпөй кескин орой мамиле аларды качырат. 


Ошол чек арадан өтөөр замат чакан терминал куруп, учакка каттап, багажын каттап, аэропорт өзү атайын автобустар менен учакка алып келиши керек. Бул сунуш. 


Анткени Ош аэропорту да кичинекей, каттоо жайлары да такай кезек. Күтүү залы ысык, эл жыкжыйма. Авиакомпаниялар рейстерди көбөйтөлү десе, аэропорт үлгүрбөйт. Даяр акчаны казынага тартпайсыңарбы, аэровокзалды кеңейтип. 


Акылбек Жапаров ушул боюнча чечкиндүү талап койсоңуз.


Жанар Акаев, ЖК депутаты 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн