Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргыз-өзбек өткөрмө бекетинде айдоочулардан опузалап акча алып турган чек арачылар кармалды

29.03.2022 08:54
330
Кыргыз-өзбек өткөрмө бекетинде айдоочулардан опузалап акча алып турган чек арачылар кармалды

Чек ара кызматынын кызматкерлери кармалды, - деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.


Билдирүүгө ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле бажы чек арасы аркылуу товарларды эркин алып өтүүгө тоскоолдук кылган мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иш аракеттерин аныктоо жана бөгөткоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, республиканын Чек ара кызматынынсистемасындагы коррупция боюнча маалыматтар алынган.


Бул факты боюнча КР Кылмыш-жазакодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан УКМК жана Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн.


Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларыныннатыйжасында Баткен районунун Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында жайгашкан«Кадамжай-авто жол» постунун кызматадамдарынын мыйзамсыз иш аракеттерине бөгөт коюлду.


Тергөөнүн жүрүшүндө аталган өткөрмөпосттун Чек ара кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу элге керектүү товарларды ташууга катышкан автоунаа айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап, пара алуу менен алектенгени аныкталган.


Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде жогоруда аталган Чек ара кызматынын өткөрмө постунун көзөмөлдөөчулөрү «А.Б.», «А.Н.», «А.Ж.», «А.Ж.» жана нөөмөт башчысы «О.Э.», ошондой эле бул коррупциялык схемага аралашкан ортомчу «Ж.А.» кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.


Кармалгандарга тиешелүү кылмыш иши козголуп, Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.


УКМК тарабынан Аскер прокуратурасы менен биргеликте бул кылмыш ишин иликтөөнү улантып, анын алкагында аныкталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар бардык кызмат адамдарынын бетин ачууга жана жоопкерчиликке тартууга багытталган комплекстүү чаралар көрүлөт.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн