Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 03:17
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.028
1.065

Кыргыз-сауд кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

06.04.2023 11:55
363
Кыргыз-сауд кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия өлкөлөрү департаментинин башкы директору Мухаммад Алматрафи менен жолугушту.


КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 5-апрелде өтүп, анда тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын бардык спектринин учурдагы абалын, аны мындан ары өнүктүрүүнүн кадамдарын талкуулашты.


Жолугушууда ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий байланыштарды активдештирүү, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогорку деңгээлдеги пландалган иш сапарлардын жүрүшүндө кол коюу пландалып жаткан түрдүү тармактардагы келишим долбоорлорун илгерилетүү боюнча чараларды көрүүнү макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн