Бугу 07, 2024
Убакыт: 14:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргыз-сауд кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

13.01.2023 09:54
378
Кыргыз-сауд кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

2023-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-сауд мамилелеринин өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешти.


Элчи И.Аль-Ради 2022-жылы өткөрүлгөн маанилүү иш-чаралар, атап айтканда, Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлеринин өз ара расмий сапарлары, биринчи кыргыз-сауд бизнес форуму, Кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комитеттин үчүнчү жыйыны, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги башка сапарлар тууралуу маалымат берди.


Ошол эле учурда Сауд Араб Падышалыгынын дипломатиялык миссиясынын башчысы Падышалыктын жетекчилигинин Кыргыз Республикасы менен мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенине ишендирди.


Өз кезегинде министрдин биринчи орун басары Исаев кыргыз тарап эки тараптуу көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого өз ара даярдыгын билдирип, үстүбүздөгү жылы иш-чараларды жогорку деңгээлде сапаттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. 


Мындан тышкары, министрдин орун басары Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда Сауд Араб Падышалыгынын колдоосун жогору баалады.


Жолугушуунун соңунда министрдин биринчи орун басары Исаев Сауд Араб Падышалыгынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Валид Аль-Хурейжиге салам айтып, жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.


                               

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн