Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргыз саясатчылары карантиндин узарышын колдойбу? (сурамжылоо)

13.04.2020 19:24
1125
Кыргыз саясатчылары карантиндин узарышын колдойбу? (сурамжылоо)


Биринчи вице-премьер-министр, коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов бүгүн, 13-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болду. Ал өлкөдөгү акыркы кырдаал тууралуу мамлекет башчысына маалымат берип, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимин узартууну сунуш кылды.


Ыкчам штабдын мындай сунушу боюнча биз айрым саясатчы, эксперт, депутат жана коомдук ишмерлердин пикирлерин сурадык.


Жылдыз Жолдошева, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, коомдук ишмер:

- Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун бул сунушу абдан туура. Коронавирус тилекке каршы, ачарчылык эмес, бул илдет, өлүм менен коштолгон коркунучтуу вирус. Ошондуктан биздин жарандар тартипти катуу кармап, ушул апааттан чыгып кетишибиз абзел. Менин байкоомдо өзгөчө абал режимин узартуу чечими туура эле кабыл алынып жатат. Дүйнө жүзүндөгү тажрыйбаларды карап сабак алсак болот. Бизде эки жол бар. Биринчиси, карантиндин шарттарын туура сактабай койсок Италиянын тагдырын кайталап калабыз. Экинчиси, Кытайдын жолуна түшсөк, карантиндин шарттарын кынтыксыз аткарып, эки ай карантинде болуп, баарыбыз бир муштумдай түйүлсөк, ооруну жеңип чыгала алабыз. Ал үчүн темирдей катуу тартипке баш ийүү керек.


Марат Казакпаев, саясатчы, көз карандысыз эксперт:

- Узартуу сунушун түшүнсө болот. Азыр илдетке чалдыккандар күн сайын көбөйүп атат. Бирок өзгөчө абалды көпкө узартууга мүмкүн эмес. Элди көрүп атасыңар, жумуштары жок отурат. Күнүмдүк чыгымын күндө тапкан адамдар да бар. Менин оюмча 30-апрелге чейин өзгөчө абалды узартса болот, бирок андан көп эмес. Эл кыйналып калат.







Марс Сариев, саясат таануучу:

- Экономикалык абалыбыз начар. Айрыкча жаңы конуштарда тамак-ашка муктаж адамдар көбөйүп жатат. Азыр Россиядан да мигранттар келүүдө. Ишсиз отурган эл кыйналат. Бирок, коронавирустун эң күчөгөн учуру майга барат деп жатышат. Андыктан карантинди дагы узартпаса болбойт. Мисалы карантиндик аракеттерди көрбөй койгон Беларусияда вирус кандай бат тарап кетти ? Экономикалык абал кыйын, бирок бул жерде көп нерсе өкмөттүн арактинен көз каранды болот. Эгер тартипти катуу сактап, башаламандыкка жол бербей, коррупциялык, бюрократиялык иштерди кан буугандай токтотсо, кыйынчылыктардан жеңил өтөбүз.


Бакыт Бакетаев, саясат таануучу:

- “Бир адамдын өмүн сактап калуу, бир ааламды сактап калууга тете” деген сөз бар. Ошол себептен эң оболу элдин ден соолугун биринчи орунга коюп, өзгөчө абал режимин узартуу зарыл. Кудай сактасын, экинчи толкун жүрүп кетсе, ошондо кыйынчылык болот. Азыр көпчүлүгү карантиндин узарышын каалап турат, демек көпчүлүктү колдоо абзел. Албетте азыр эл кыйналууда, бирок ошол элин ойлогон өлкөлөр карантиндин мөөнөтүн узартып жатышат. Демек өкмөттүн өзгөчө абалды узартуу чечими туура.





Алмамбет Шыкмаматов, парламенттин экс-депутаты, саясатчы:

- Бизде эки жол турат, биринчиси калктын саламаттыгын сактоо, эпидемияны токтотуп калуу. Экинчиси, эпидемия эмне болсо ошо болсун, экономиканы сактап калалы деп элди карантинден чыгаруу. Экөө тең кыйнай турган маселе. Бирок дүйнөлүк кырдаалды эске алып, адамдардын ден соолугу, өмүрүн тобокелге салбай, карантин жолун тандообуз керек.





Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты:

- Бүгүнкү күндөгү абалды көрүп турасыздар, оорулар күндө көбөйүп жатат. Абалды дарыгерлер айтышы керек. Илдетке чалдыккандардын баарын тактап, карантинге алып алгандан кийин элдерге иштегенге уруксат берүү зарыл. Канчалык эрте болсо жакшы эле, учурда жарандарыбыз тамак-аштан кыйналып жаткандыктан маселелер жаралып жатат. Өзгөчө абалды узартыш зарыл десе айла жок. Сабырдуулук керек болот. Экономикасы күчтүү мамлекеттерди көрүп жатасыздар, бейтапканаларда адамдар батпай, каза болгондор көп. Ооругандар эки жумада аныкталып жатат. Ошондуктан илдетти үйдөн чыкпай жеңүү туура кадам го.


Ачкачылыктан эч ким өлгөн эмес. Колдон келишинче жергиликтүү азаматтар, мамлекет тарабынан жардамдар көрсөтүлүп жатат. Бүгүнкү күндө “ачкачылыктан өлүптүр” деген боло элек, болбой эле койсун. Ар бир айылга эр-азамат уулдары каралашып атат. Чыдап коюу керек. Эгер элибиз ушул боюнча соода-сатыктарына чыгып, илдет күчөп кете турган болсо, көйгөйдүн баары ошондо башталат. Ооруканаларда орун жок болуп, дарылоого мүмкүн болбой калат. Мына ушуну туура түшүнүү зарыл. 


Дастан Бекешов, парламент депутаты:

- Өзгөчө кырдаал, абалды президент жарлыгы менен кабыл алат. Кубатбек Бороновдун сунушу боюнча, менимче президент өзү жарлыгын чыгарат. Аны парламент колдойт же колдобойт. Менин божомолум боюнча өлкө башчысы колдойт, себеби ооругандардын саны күн сайын өсүп жатат. Бирок кээ бир чектөөлөрдү алып салышыбыз мүмкүн.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн