Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин расмий сапар менен Кыргызстанга келген Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар менен жолугушуусу өттү.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги, ошондой эле күн тартибиндеги эл аралык маселелер талкууланды.
Жээнбек Кулубаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясий, экономикалык жана социалдык реформалар тууралуу айтып берди. Словакия тарапка ошондой эле транспорттук инфратүзүмдү, энергетиканы жана тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү жаатындагы келечектүү долбоорлор боюнча маалымдалды. Бул тармакта эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды орнотуу үчүн маанилүү аянтча болгон кыргыз-словак бизнес-форумунун өткөрүлгөндүгү өзгөчө белгиленди.
Мындан тышкары, жолугушууда “Интрегельпо” кыймылынын алгачкы эшелону Кыргызстанга келгенине 100 жыл толгон тарыхый датага өзгөчө көңүл бурулду. Бул маанилүү дата кыргыз-словак мамилелерин чыңдоодогу олуттуу этап болуп саналат. Ошондой эле словак тарап билим берүү тармагына маанилүү сунуш киргизип, студенттерге стипендия сунуштаган. Бул билим алуу жана тажрыйба алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле, жолугушууда эки тараптуу маанилүү документке кол коюлду.
“Бүгүн сапардын алкагында эки маанилүү документке кол коюлду. Алар - Кыргызстандын министрлер кабинети менен Словакия нын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу, ошондой эле эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2026-2027-жылдарга кызматташтык программасы. Бул келишимдер биздин саясий диалогубузга кошумча динамика берет жана практикалык өз ара аракеттенүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем”, - деди Жээнбек Кулубаев.
Атай кетсек, Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар 24-апрелде расмий сапар менен Кыргызстанга келген. Бул аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин башчысынын Кыргызстанга акыркы алты жыл ичиндеги экинчи сапары.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн