Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз спортчуларына коронавирус кандай таасирин тийгизди? Спортчулар жооп берет

10.06.2020 09:44
1238
Кыргыз спортчуларына коронавирус кандай таасирин тийгизди? Спортчулар жооп берет


2020-жылы дүйнөлүк жана Ата Мекендик спортто ири турнирлер көп белгиленген болчу. Коронавирус илдетинен улам киргизилген чектөөлөр кыргыз спортуна гана эмес, эл аралык мелдештерге да таасирин тийгизип, спортчулардын айрымдары азыр үй шартында машыгып келет.


Мындан улам, “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги спортчуларга карантин кандай таасирин тийгизгени тууралуу суроо салып көрдү.

 

Жоламан Шаршенбеков – грек-рим күрөшү боюнча балбан


Коронавирус илдетинин кесепети бир гана мага эмес, бүтүндөй Олимп оюндарына даярдык көрүп жаткан спортчуларга тийди. Анткени баардык күтүлүп жаткан мелдештердин токтотулганы бир аз таасирин тийгизди. Биз бул менен токтоп же туруп калбайбыз, 2021-жылга жылдырылган Олимп оюндарына баруу үчүн колдон келген аракетибизди көрөбүз. Карантин учурунда Таласта айылда болуп, үйдөгүлөр менен бирге болгонго чектөөлөр сезилген жок. Ал эми бир тууган агам Тынар Шаршенбеков экөөбүз чогу даярданып, машыгууну токтоткон жокпуз.




Дастан Шаршеев - кикбоксинг жана ММА мушкери


Бул илдет Кыргызстан мындай абалга даяр эмес экенин, мамлекеттин акыбалын көрсөттү. Кимдин ким экени ушундай учурда билинди. Мен кыргызмын, кыргызга күйөм деген байкелер бар эле акчалуу, ошолордун элине жардам бере албай калганын көрдүк. Колунда жок болсо да элине күйгөн байкелерди көрдүк “келгиле мен транспортун көтөрүп, ары бери ташып туурайын” деген. Спортчу катары да мага инфекциянын таасири тийди. Келишим түзүлгөн беттештер бар эле, алардын да убакыттары белгисиз мөөнөткө жылып кетти.

Спортчулар акчаны азайтып койду деп спорттун олимпиадалык түрү менен машыккан жигиттер менен айымдарыбыз машыгууларын токтотуп койбойт. Алар мамлекеттин каржылоосуна чейин машыгып келишкен жана мамлекеттин акчасы жок болсо деле даярдыгын көрүп, өлкөнүн желегин желбирете беришет. Аларда акчадан да негизги болгон намыс бар. Алар Кыргызстан үчүн каржылоого карабай аракеттерин көрө беришет.


 

Сейитбек Анарбек уулу – көк бөрүчү


Коронавирус илдети биздин улуттук спортко, анын ичинен көк бөрүгө чоң таасирин тийгизди. Себеби негизги делген Нооруз майрамына карата чоң мелдеш болбой калды, Жеңиш күнүнө карата ири турнир болбой калды. Андан соң Нооруздун жыйынтыгы менен көчмөндөр оюндарына да барабыз деп команда менен январдан баштап даярданып келгенбиз, тилекке каршы Көчмөндөр оюндары да жылып кетти. Жеке мага карантин эмоциалык жактан таасирин тийгизди, анткени улак чабып баардык букту ошол жактан чыгарып келет элем. Буга чейин кандай даярдык көрсөк, азыр деле ошол эле ыкмаларды аткарып, көбүнчө аттын үстүндө машыгууларды өткөрүүдөбүз.


 

Нурадин Рустамбек уулу – мушкер


Быйылкы жыл башка жылдарга салыштырмалуу өзгөчө жыл болду. Жугуштуу оорунун кесепетинен өлкөдө көптөгөн жагдайлар жаралып, баарыбыз үйдө болуп калдык. Алдыда көптөгөн пландар бар эле, шартка байланыштуу аларды жылдырууга туура келди. Бизге окшогон жаш спортчулар, эл менен бирге оорунун жайылып кетпөөсүн алдын алуу үчүн, карантиндин эрежелерин кармаганга туура келди. Үйдө машыгууларды токтоткон жокмун, алдыда чоң-чоң ийгиликтерди багынтам деген максаттарым бар, андыктан карантин эч кандай таасирин тийгизген жок.




Өлкөдө COVID-19дан улам киргизилген чектөөлөр акырындык менен алынып, спорттун айрым түрлөрүнө машыгууга уруксат берилген. Учурда Улуттук курама командалар машыгууларын баштап, кыргыз спорту акырындык менен жанданып келе жатат. Ал эми өлкөбүздө спорттук турнирлердин башталуусуна да анча алыс эмес убакыт калды деп айтсак болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн