Бештин айы 30, 2024
Убакыт: 23:03
USD
86.85
87.35
EUR
90.30
91.30
RUB
0.800
0.870

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо. Жумушчу топтордун жыйыны өттү

19.12.2024 18:54
160
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо. Жумушчу топтордун жыйыны өттү


11-декабрдан 19-декабрга чейин Тажикстандын Душанбе шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны өттү.

Бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын андан ары мыйзамдуу түрдө каттоо үчүн өткөрүү боюнча материалдарды даярдоого киришти.

Тараптар бул ишти Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүү кырдаалында өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн