Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргыз-тажик чек арасында дрон учурбоо макулдашылды

24.05.2023 13:46
761
Кыргыз-тажик чек арасында дрон учурбоо макулдашылды

КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү.


 Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 24-майда кыргыз-тажик чек арасында өткөн. Жолугушууга эки тараптан тең чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.


Тараптар жолугушууда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, чагымчыл маалыматтарга жол бербөө маселесин талкуулашты. Аны менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды.


Ошондой эле тараптар чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө жагын да талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн