Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя жеринде териштирилет

08.05.2024 14:27
281
Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя жеринде териштирилет


Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны Баткен жана Согд облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жеринде териштирет. Бул тууралуу эки облустун башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода телефон аркылуу сүйлөшкөндө макулдашканын президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.


Маалыматка ылайык, президенттин Баткен облусундагы өкүлү менен Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы эки облустун чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча макулдашып, кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп белгилешкени айтылды.


Ошондой эле Баткен жана Согд облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин окуя болгон жерде жолугушуп, териштирүү макулдашылганы белгиленди.


Буга чейин Тажикстандын малчылары мал кайтарып жүрүп чек арадан өтүп кеткени айтылган. Алар Кыргызстандын аймагынан чыгууну талап кылган чек арачыларды таш менен уруп, ал тургай мылтык менен атышкан. Аларга жооп катары чек арачылар асманды көздөй эскертүүчү ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен.


Азыркы тапта кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жагдай туруктуу экени кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн