Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 08:40
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалды токтотуу боюнча протоколго кол коюлду

25.09.2022 17:27
327
Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалды токтотуу боюнча протоколго кол коюлду

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды токтотуу жөнүндө протоколго кол коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.


Протоколго Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов кол койду.


"Протоколдун негизги мааниси кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан жаңжалды токтотуу, мындан ары анын кесепеттерин жоюу жана кезектеги чырга жол бербөө болуп саналат. Кол коюлган протоколдун негизинде жергиликтүү бийлик органдары, күч түзүмдөрүнө бир нече тапшырмалар берилди, анын аткарылышын өзүбүз көзөмөлдөйбүз", - деди ал.


Белгилей кетсек, тараптардын жолугушуусу "Кызыл-Бел" көзөмөл өткөрмө жайында бүгүн, 25-сентябрда өткөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн