Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 07:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылган окуянын чоо-жайы иликтенип жатат

06.08.2020 17:12
1135
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылган окуянын чоо-жайы иликтенип жатат


Бүгүн, 6-августта кыргыз-тажик чек арасында болгон окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, окуядан кийин Баткен облусунун жетекчисинин биринчи орун басары, чек арачылар тажик тараптын күч түзүмдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 


"Анда окуянын себептери жана тажик тараптын чек арачысынын жаракат алышы, бир жаранынын жаракатынан улам каза болушу жөнүндөгү версиясы такталып жатат. Буга катар эле кыргыз тарап бир жактуу түрдө иликтөөнү баштады. Укук коргоо органдары тажик жарандары менен болгон окуянын далилдерин табуу боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда абал тынч", - деп айтылат маалыматта. 


Буга чейин кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, кыргызстандык чек арачы жаракат алгандыгы маалымдалган. Ал эми коңшу тарап Тажикстандын 65 жаштагы жараны каза болгонун билдирген. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн