Бугу 08, 2024
Убакыт: 06:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан Тажикстандын жараны каза болду, - ЖМК

06.08.2020 12:37
1572
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан Тажикстандын жараны каза болду, - ЖМК


Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан улам Тажикстандын 65 жаштагы жараны каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Чек ара кызматы маалымдаганын тажикстандык ЖМКлар жазышты. 

 

Маалыматка караганда, окуя 6-августта саат 05:10 чамасында чек арада болгон. 


"Мергенчилик куралдан атылган октон Кыргызстандын "Көкташ" заставасынын башчысы, ага лейтенант Ш.К, жарадар болгон. Окуя болгон жерден алыс эмес аймактан октон жарадар болгон Тажикстандын 65 жаштагы жараны, Исфара шаарынын тургуну В.В, каза болгон. Окуя болгон жерде эки өлкөнүн өкүлдөрү кирген комиссия иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта. 


Ошондой эле маалыматта: "Муну менен Кыргызстандын Чек ара кызматы өзүнүн чек арачысы жарадар болгонун белгилөө менен каза болгон тажикстандык жаран тууралуу айткан эмес", - деп көрсөтүлөт.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн