Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргыз жарандарын Кореяга жумушка орнотуу маселеси талкууланды

18.05.2023 09:40
228
Кыргыз жарандарын Кореяга жумушка орнотуу маселеси талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген вице-президенти Ким Сун Чжэ башында турган Кореянын HRD делегациясы менен жолукту.


Ведомствонун маалыматына ылайык, кореялык делегациянын иш сапарынын максаты Кыргызстандагы EPS-Topek уюштурулган иш менен камсыз кылуу системасын киргизүү процессине байкоо жүргүзүү болгон.


Жолугушуунун жүрүшүндө КР жарандарын Кореяда уюшкандыкта ишке орноштуруу программасын өркүндөтүү боюнча маселелер талкууланды.


Ошондой эле Ким Сун Чжэ Эмгек министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору А.Алыбаев менен жолукту.


Анда делегацияга Эмгек министрлиги менен Кореянын Иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлигинин ортосундагы республикага жумушчу күчүн жөнөтүү/кабыл алуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун жүрүшү көрсөтүлдү.


 

  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн