Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:24
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кыргыз жарандарынын Түркияда жүрүү жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселеси талкууланды

27.02.2023 10:32
196
Кыргыз жарандарынын Түркияда жүрүү жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселеси талкууланды

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара аймагынын губернатору Васип Шахин менен жолугушту. Бул тууралуу дипломат өзү билдирди.

Анын айтымына караганда, жолугушуу Түркиянын түштүк-чыгышындагы жер титирөөлөргө байланыштуу Анкарада түзүлгөн Кризистик борбордо өттү.

Казакбаев жолугушуунун башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кыргызстандын элинин атынан көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген катуу жер титирөөлөргө байланыштуу көңүл айтты.

Өз кезегинде губернатор Васип Шахин 182 адамдан турган Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу топтору жана дарыгерлер, көчмө оорукана, дары-дармектер жана Кахраманмарашта жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн 130га жакын боз үй түрүндө көрсөтүлгөн ыкчам жардам үчүн Кыргызстанга жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын жарандарынын Түркияда жүрүүсүн мыйзамдаштыруу, тактап айтканда, убактылуу жашоого уруксат алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын аймактар аралык кызматташтыгын өнүктүрүү жана чындоо, ошондой эле Анкара аймагынын жетекчилигинин Кыргызстанга сапарын уюштуруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда элчи губернатор Васип Шахиндин коштоосунда Кризистик борбордун иши менен таанышып чыкты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн