Учтун айы 23, 2025
Убакыт: 06:13
USD
87.30
87.80
EUR
90.70
91.70
RUB
0.860
0.900

Кыргызстан АКШга санкция салынган компанияларды тизмеден чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды

22.01.2025 21:52
37
Кыргызстан АКШга санкция салынган компанияларды тизмеден чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды


Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда «Керемет Банк» ААК, «Газпром нефть Азия» ЖЧК жана «Мунай Мырза» ЖАК компанияларынын АКШнын санкциялар тизмесине киргизилиши боюнча маселелер талкууланды.

Министрдин орун басары Абакиров «Керемет Банк» жана жогоруда аталган компаниялардын санкциялар тизмесине киргизилиши боюнча тынчсыздануусун билдирди. Ал Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары кызматташтык боюнча тиешелүү маселелерди америкалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз талкуулап жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда ал кыргыз тарап «Керемет Банк» ААК, «Газпром нефть Азия» ЖЧК жана «Мунай Мырза» ЖАК компанияларынын АКШнын санкциялар тизмесине киргизилишине түшүнбөстүк менен мамиле кылганын белгилеп, бул компанияларды тизмеден чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды.

Өз кезегинде, элчи Л.Вигери АКШ аталган кыргыз компанияларын санкциялар тизмесинен чыгарууга байланыштуу өз ара макулдашылган чечимдерди биргелешип издөө үчүн даяр экенин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн