Аяк оона 29, 2025
Убакыт: 01:57
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.040
1.070

Кыргызстан Азияда көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө чакырды

26.09.2025 12:56
72
Кыргызстан Азияда көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө чакырды


Күн мурун Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты. 


Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын Азербайжандын төрагалыгы алдында өттү. 


Иш-чаранын алкагында АӨИЧКнын күн тартибинин актуалдуу маселелер талкууланып, кеңешмени мындан ары институционалдык жактан өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтер кабыл алынды.


Кыргыз делегациясынын башчысы Кулубаев өз сөзүндө АӨИЧКны учурдагы глобалдык трансформациялар жана чакырыктар шартында көп тараптуу диалог жана кызматташтык үчүн маанилүү аянтча катары белгилеп, Кыргызстандын өз ара урматтоо, ишеним жана жамааттык коопсуздук принциптерине берилгендигин ырастады.


Кыргызстан жогоруда белгиленген документтерди консенсус негизинде колдоп, АӨИЧКга мүчө мамлекеттер ортосунда туруктуу жана ишенимдүү мамилелерди мындан ары да чыңдоого активдүү катышууга даяр экендигин тастыктады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн