Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 22:07
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстан Европа инвестициялык банкы менен кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун талкуулады

25.01.2023 09:17
271
Кыргызстан Европа инвестициялык банкы менен кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун талкуулады

24-январда Бишкекте КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Европа инвестициялык банкынын Борбор Азия мамлекеттерине насыя берүү маселелери боюнча башкы кеңешчиси Адам Брун жетектеген делегация менен жолукту.


КР ТИМден билдиришкендей, ошондой эле жолугушууга Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы - элчи Мэрилин Йозефсон да катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа инвестициялык банкынын колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан жана илгерилетилген долбоорлорго тийиштүү маселелелерди талкуулашты.


Министрдин орун басары Молдогазиев кыргыз тарап өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдө ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.


Өз кезегинде банктын өкүлдөрү Кыргызстан жана Европа инвестициялык банкынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана ар кандай инвестициялык долбоорлорду, атап айтканда "жашыл экономика" энергетика жана транспорт чөйрөлөрүндө, ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар эки тараптуу кызматташтыкты бирге өнүктүрүүнү макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн