Кулжа 26, 2024
Убакыт: 23:26
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Кыргызстан “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбооруна Кытайдан насыя алат

18.06.2024 13:01
143
Кыргызстан “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбооруна Кытайдан насыя алат


“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 18-июндагы жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, бул каражаттын 51% Кытай берет, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Маалымат боюнча, Кытай 4 млрд 700 млн доллардын жарымын – 2 млрд 350 млн долларды үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет. Калган 2 млрд 350 млн долларды үч мамлекет чыгарат. Бул сумманы үчкө бөлгөндө 783 млн доллардан тиет. Азамат Сакиев ушул тапта темир жолду куруу үчүн Кытайдан алына турган насыянын шарттары жана пайызы боюнча маселе чечиле элек экенин кошумчалады.

“Биз Кытайдын эки банкы – “Инэксимбанк” жана Кытайдын улуттук банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар бизге насыяны коммерциялык эмес жол менен берет. Азыр талкуу жүрүп жатат”, - деди ал.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн үч өлкө Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) түзөт. Ал ишкана Кыргызстанда жайгашат. Компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун киргизди. Ага ылайык, темир жолду курууга Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому жооптуу болот.

Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында курулат.

Эске салсак, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 13-июндагы отурумунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл август айында башталарын маалымдаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн