Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 10:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстан Кытайга өрүк жана шабдалы экспорттойт

31.05.2024 12:35
758
Кыргызстан Кытайга өрүк жана шабдалы экспорттойт


Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу "Өрүк жана шабдалы мөмөлөрүнө фитосанитардык талаптар жөнүндө" протоколдун долбоору даярдалды.

Ведомстводон маалымдашкандай, экспорттолуучу өрүк (Prunus armeniaca) жана шабдалы (Prunus persica) мөмөлөрү Кытайдын саламаттык жана коопсуздук, ошондой эле фитосанитардык талаптарына туура келиши керек.

Талапка ылайык, Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын кызматкерлери өрүк жана шабдалы мөмөлөрү өстүрүлгөн, сакталган жана таңгактоочу жерди текшеришип, анын жыйынтыгы менен продукцияны экспорттой турган бактардын тизмеси түзүлөт.

Министрлик өрүк жана шабдалыны экспорттоо менен алектенген айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн тыгыз кызматташууга чакырат.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз: Бишкек шаары, Киев көч. 96Б, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин тышкы өсүмдүктөрдүн карантини бөлүмүнө, телефондор: 0312 6202920312 620842.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн