Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан Россиянын БУУнун Адам укуктары кеңешинен четтетилишине каршы добуш берди (тизме)

08.04.2022 08:39
1294
Кыргызстан Россиянын БУУнун Адам укуктары кеңешинен четтетилишине каршы добуш берди (тизме)

7-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Россиянын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине катышуусун токтотту. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.


Резолюция АКШ, Украина, Латвия жана бир топ Европа өлкөлөрү тарабынан демилгеленген.


Резолюцияга  93 мамлекет макулдугун берсе, 24ү каршы чыккан. Ал эми 58 өлкө добуш берүүдөн карманган.


Демилгеге каршы добуш берген өлкөлөрдүн арасында Алжир, Беларусь, Боливия, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Кытай, Конго, Куба, Түндүк Корея, Эритрея, Эфиопия, Габон, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Лаос, Мали, Никарагуа, Россия, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан, Вьетнам, Зимбабве бар.


Бул резолюция Украинанын Буча шаарындагы жарандардын өлүмү тууралуу тасмалар тарагандан кийин демилгеленген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн