Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 10:32
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Кыргызстан Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна электр энергиясын сатып, унааларды алат

31.03.2023 12:02
475
Кыргызстан Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна электр энергиясын сатып,  унааларды алат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.


- Кытай Эл Республикасына электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандум;


- Кыргызстан-Кытай 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандум;


- Кыргыз Республикасынын – КЭР СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу;


- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен КЭР СУАРынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү протоколу;


- Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашуу;


- “Или-Синхэ” ЖЧШ жана “БТК” ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн