Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 05:51
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Кыргызстан Тажикстан менен беттешет. Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо туруна катышат

04.01.2022 11:41
1654
Кыргызстан Тажикстан менен беттешет. Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо туруна катышат

Кыргызстан биринчи жолу футзал боюнча 2022-жылкы Азия кубогунун тандоо туруна катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.


Маалыматка ылайык, Азия футбол конференциясы Кыргызстанды 2022-жылы өтүүчү Азия кубогунун футзал боюнча бирдиктүү борбордук жана түштүк аймагынын тандоо турниринин кожоюну катары расмий түрдө бекитти

«Турнирдин өзү 1-апрелден 15-апрелге чейин Бишкек шаарында өтөт. Өз кезегинде тандоо турунун чүчү кулак кармоосу 6-январга белгиленген», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Борбордук жана Түштүк аймактарга 8 өлкө кирет.

Ошентип, себеттердин курамы төмөнкүдөй:

- Иран, Өзбекстан;

- Кыргызстан, Тажикстан;

- Түркмөнстан, Афганистан;

- Непал, Мальдив аралдары.

Эске сала кетсек, футзал боюнча Азия кубогу - 2022 25-сентябрдан 20-октябрга чейин Кувейтте өтмөкчү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн