Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 22:52
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.028
1.065

Кыргызстан демилгелеген. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзөктүк куралды колдонбоо боюнча келишимине 14 жыл толду

22.03.2023 12:28
591
Кыргызстан демилгелеген. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзөктүк куралды колдонбоо боюнча келишимине 14 жыл толду

  21-мартта Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы биринчи көп тараптуу коопсуздук документи жана аймактын өзөктүк куралсыз статусун белгилеген негизги келишим болгон Борбордук Азияда өзөктүк куралсыз аймак жөнүндө келишимдин күчүнө киргенине 14 жыл толду. 


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ядролук куралсыздануу, өзөктүк куралды жайылтпоо жана атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу идеясын илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасы Борбордук Азияда өзөктүк куралсыз аймакты түзүү демилгесин көтөргөн.


Келишимге Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасы 2006-жылдын 8-сентябрында Семипалатинск шаарында кол коюшуп, 2009-жылдын 21-мартында күчүнө кирген. Кыргыз Республикасы Келишимдин депозитарийи болуп саналат.


Келишимдин тараптары ар кандай өзөктүк куралды же башка ядролук жардыргыч түзүлүштү изилдөөдөн, иштеп чыгуудан, сактоодон, өндүрүүдөн, камдоодон же сатып алуудан, контролдоодон баш тартат. Мындан тышкары, мамлекеттер кандайдыр бир өзөктүк куралды же башка ядролук жардыргыч түзүлүштү изилдөөдө, иштеп чыгууда, өндүрүүдө, камдоодо, сатып алууда, ээлик кылууда же контролдоодо эч кандай жардам сурабоого жана алууга милдеттенишет.


                                

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн