Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан эл аралык Валюта фондунан 240 млн доллар алды

25.08.2021 09:22
1262
Кыргызстан эл аралык Валюта фондунан 240 млн доллар алды

Кыргызстан 240 миллион доллар алат. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Бишкектеги кеңсеси билдирди.


Маалыматка караганда, карыз алуунун атайын укуктары (СДР) 170 миллион болсо, азыркы курс менен эсептегенде 240 миллион долларды түзөт.


Кечээ, 23-августта, Эл аралык валюта фондунун бөлүштүрүүчү-директору Кристалина Георгиева тарыхта эң ири СДРди бөлүштүрүү (650 миллиард доллар) күчүнө кирерин айткан.


"Бул нерсе дүйнөлүк экономикага чоң стимул болмокчу. Ал эми туура колдонулган учурда кризистен чыгып кетүүнүн уникалдуу жолу болуп калат", — деди ал.

Георгиева белгилегендей, СДРди бөлүштүрүүнүн арты менен мамлекеттер кымбатка турган ички жана тышкы карыздарын кыскартат.


"СДР мамлекеттерге Эл аралык валюта фондундагы квотасынын үлүшүнө жараша бөлүштүрүлөт. Демек, болжол менен 250 миллиард доллар өнүгүп жаткан мамлекеттерге берилет. Ал эми кирешеси аз өлкөлөр 21 миллиард долларга жакын алышат. Кээ бир учурда бул сумма ИДПнын алты пайызын түзөт", -Григорева.


Булак: "Спутник Кыргызстан"


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн