Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:46
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан эмгекчил адамдары менен бай жана күчтүү, - Президент (фото)

12.06.2020 08:58
1703
Кыргызстан эмгекчил адамдары менен бай жана күчтүү, - Президент (фото)


Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 11-июнда Ош облусунун Араван районундагы фермердик чарбага барды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Чарбанын жетекчиси Акбарали Холбеков жумуш менен 26 адам камсыз болуп, чарбанын аянты 2.1 гектарды түзөөрүн маалымдады.

Ар түрдүү жашылча-жемиш өсүмдүктөрү, анын ичинде анжир, капуста, курма, картошка, коон, сабиз, пияз жана башкалар өстүрүлөт.

Мамлекет башчысы фермер менен биргеликте отургузулган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн көрүп чыгып, аны менен жер иштетүүдөгү ийгиликтин сырлары жөнүндө баарлашты.

Акбарали Холбеков дыйканчылык менен алектенген ар бир фермер үчүн жер алтындан да кымбат экенин белгилеп өттү.

«Кыргызстан сиздей эмгекчил адамдар менен бай жана күчтүү», - деп айтты президент жана ал элеттик ишкердин жасаган эмгеги, жашоого болгон энергиясы жана позитивдүү маанайы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн