Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан кайсы Европа өлкөлөрүнө көмүр экспорттой баштады?

27.06.2022 17:14
875
Кыргызстан кайсы Европа өлкөлөрүнө көмүр экспорттой баштады?


2022-жылы Кыргызстан Евробиримдиктин өлкөлөрүнө көмүрдү экспорттой баштады. Буга Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасы” баяндамасында жарыяланган маалымат далил.


Маалыматка ылыйык, Кыргызстан Латвия менен Польшага көмүр экспорттой баштады. Январь-апрель айларынын маалыматы боюнча, Кыргызстан Польшага 88 миң долларга дээрлик 3 миң тонна, ал эми Латвияга 143 миң долларга дээрлик 2 миң тонна көмүр экспорттогон.


Белгилей кетсек, көмүрдүн бир тоннасы Латвияга 80 доллар, Польшага 30 долларга бааланган.


Негизги көмүр экспорттоо былтыр да, быйыл да Өзбекстанга туура келет. 2022-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан Өзбекстанга 3,3 миллион долларга 100 миң тоннадан ашык, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 4 миллион долларга 140 миң тонна көмүр жөнөткөн.


Ошондой эле Кыргызстан 2021-жылдын январь-апрель айларында Тажикстанга 2 миң тоннадан ашык көмүр экспорттогон. Ал эми бул жылы Кыргызстан Тажикстанга көмүр ташыган эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн