Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан коронавируска каршы күрөштө Кытайдан жардам сурайт

16.03.2020 10:37
673
Кыргызстан коронавируска каршы күрөштө Кытайдан жардам сурайт


Кыргызстандын Тышкы иштер жана саламаттыкты сактоо министрлигине Кытайдан коронавирус илдетин алдын алуу боюнча жардам суроо сунушталды. Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин тар чөйрөсүндө кабыл алынды.


Маалыматка ылайык, мамлекеттик мекемелерге коңшу өлкөлөр менен коронавирусту алдын алуу жана экономикалык кырдалды көзөмөлдө боюнча бирдиктүү аянтча түзүү сунушталган. Ошондой эле, жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер менен жаралган кырдаал боюнча консультация жүргүзүп, экономикалык активдүүлүктүн деңгээлин түшүрбө боюнча сунуштар берилген.


Мындан сырткары, Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын экспорттоого көмөк көрсөтүүгө, жүк ташуучуларга жана транспорттук компанияларга баардык тармактуу колдоо көрсөтүү сунушталган. Мамлекеттик мекемелер ири соода-түйүндөр менен тыгыз байланышта болуп, калкка керектелүүчү азыктарга суроо талап күчөгөн учурда тийиштүү чараларды көрүү керектиги айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн