Бугу 07, 2024
Убакыт: 16:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстан малайзиялык компания менен алтын буюмдарын чыгарууга кызыкдар

02.04.2024 14:10
119
Кыргызстан малайзиялык компания менен алтын буюмдарын чыгарууга кызыкдар


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий иш сапарынын алкагында малайзиялык Public Gold компаниясына барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Public Gold — Малайзиянын баалуу металлдар тармагындагы ири компаниялардын бири, өнөр жайлык масштабда баалуу алтындан жана күмүштөн жасалган буюмдарды сатат жана чыгарат.

Кулубаев менен аталган компаниянын өкүлдөрү жолугушуу учурунда Кыргызстанда алтын буюмдарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча кыргыз компаниялары менен кызматташууну түзүү маселелерин талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев Public Gold компаниясынын бул багыттагы чоң потенциалын белгилеп, Кыргызстан кендерди биргелешип иштетүүгө инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн