Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 04:26:16
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Кыргызстан малды экспорттоону убактылуу токтотту

06.09.2024 10:11
1279
Кыргызстан малды экспорттоону убактылуу токтотту


Кыргызстан ийри мүйүздүү, жандык малды жана жылкыны экспорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "СИОЖ" системасында Айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого инвентаризация жүргүзүүгө байланыштуу Ветеринардык кызмат тарабынан үчүнчү өлкөлөрдүн дарегине ийри мүйүздүү жана жандык малдыжана жылкыны экспорттоого уруксат берүү убактылуу токтотту.

Аталган чара өлкөдөгү айыл чарба малдарынын так эсебин камсыз кылууга, ошондой эле ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышына контролду жогорулатууга багытталган. Бул биздин ички республикалык жана эл аралык өнөктөштөрүбүзгө көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Инвентаризация 15-20 күнгө созулат, андан кийин экспортко уруксат берүү процесси улантылат. Ушул мезгилде берилген бардык арыздар инвентардык иш-чаралар аяктагандан кийин дароо артыкчылыктуу тартипте каралат.

Экспортко уруксаттарды берүүнү улантуу жөнүндө маалымат кошумча жарыяланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн