Бирдин айы 12, 2025
Убакыт: 18:10
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.920
0.945

Кыргызстан менен Азербайжандын транспорт тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

12.02.2025 14:19
28
Кыргызстан менен Азербайжандын транспорт тармагындагы кызматташтыгы талкууланды


Баку шаарында Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов менен Азербайжандын Жер үстүндөгү транспорт агенттигинин Башкармалыгынын төрагасы Анар Рзаевдин жолугушуусу болуп өттү.   


ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Транскаспий эл аралык транспорттук коридорун (Орто коридор) өнүктүрүүгө бурулду.   


Элчи Мамытканов кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн Азербайжан аймагында шарттарды жөнөкөйлөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул багытта өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. 


Тараптар транспорт тармагын санариптештирүү боюнча кызматташтыкты чыңдоо чараларын, анын ичинде жүк ташуучулардын транзити үчүн уруксат берүүчү документтерди электрондук негизде берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.   


Мындан тышкары, айдоочулардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана кыргыз-азербайжандык жүк ташуучулардын ортосунда түз байланыштарды орнотуу маселеси көтөрүлдү.   


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин тастыктап, конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн