Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбор Азия боюнча аймактык кеңсесинин башчысы Матильда Богнер менен жолукту.
МИнистрлер кабинетинен билдиришкендей, Жолугушуу Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата уюштурулду.
Эдил Байсалов Кыргызстан адам укуктарын коргоого, мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин сактоого жана демократиялык институттарды бекемдөөгө туруктуу умтулуусун белгиледи.
Тараптар жарандык коомдун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен улуттук консультацияларды өткөрүү процессине өзгөчө көңүл буруп, Универсалдуу мезгилдүү обзордун алкагында улуттук баяндаманы даярдоону талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерге, анын ичинде КР министрлер кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча Координациялык кеңештин ишинин алкагында институционалдык колдоону жана координациялоону күчөтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы менен кызматташууну кеңейтүү перспективалары, анын ичинде бул жааттагы негизги демилгелерди ишке ашыруу үчүн техникалык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн