Бирдин айы 21, 2025
Убакыт: 15:57
USD
87.30
87.80
EUR
91.50
92.50
RUB
0.980
1.020

Кыргызстан менен Бахрейндин ортосунда аба каттамдарын түзүү маселеси талкууланды

19.02.2025 16:09
116
Кыргызстан менен Бахрейндин ортосунда аба каттамдарын түзүү маселеси талкууланды


Кыргызстандын Бахрейндеги элчиси Улукбек Марипов Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни менен жолугушту.


КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарына өз ара колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.


Тактап айтканда, тараптар эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүү, өкмөттөр аралык комиссияны жана кыргыз-бахрейн бизнес кеңешин, ошондой эле Кыргызстан менен Бахрейндин ортосунда аба каттамдарын түзүү маселелерин талкуулашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов Бахрейн министрине Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын атынан Бахрейндин мураскер ханзаадасы, премьер-министри Улуу даражалуу Шейх Салман бин Хамад Аль-Халифага Бахрейндин жогорку деңгээлдеги делегациясын быйыл жайында Бишкекте өтө турган Борбордук Азия жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин (БАМКК) экинчи инвестициялык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга жөнөтүү өтүнүчүн камтыган атайын катты тапшырды.


Өз кезегинде, А. Аль-Заяни Кыргызстандын жетекчилигине чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, Бахрейн тараптын Кыргызстан менен эки тараптуу да, көп тараптуу форматта да, анын ичинде БАМКК+Борбордук Азия платформасынын алкагында мамилелерди мындан ары чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.


Ошону менен бирге А. Аль-Заяни кыргыз-бахрейн эки тараптуу мамилелеринин өнүгүү динамикасын жогору баалап, өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча кызматташуунун өнүгүү келечегин белгиледи.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар күн тартипте турган бардык маселелерди алдыга жылдыруу, анын ичинде эки тараптуу документтерди макулдашуу, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарлардын алкагында аларды кол коюуга даярдоо боюнча ишти улантууну макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн