Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан менен Бангладеш IT, текстиль жана туризм тармагында кызматташат

14.10.2022 07:24
314
Кыргызстан менен Бангладеш IT, текстиль жана туризм тармагында кызматташат

2022-жылдын 13-октябрында Астана шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин VI Саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Бангладеш Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Абдул Момен менен жолугушту. 


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл IT-секторунда, текстиль жана тигүү тармагында биргелешкен ишканаларды түзүүгө, туризмди өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды түзүүгө, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө бурулду.


Министр Кулубаев Кыргызстандын ВСП+ макамы бар экенин, анын жардамы менен Европа биримдигине кирген өлкөлөр менен Кыргызстан 6 миңден ашуун товардык позициялар боюнча кошумча төлөмсүз экспортоого мүмкүндүгү бар экенин белгилеп, Бангладеш тарапты ВСП+ макамынын жеңилдиктерин колдонууну карап чыгууга чакырды.


Бангладеш тарап өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын билдирип, эки мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн өз ара ачууну сунуштады.


Эки тарапты тең кызыктырган актуалдуу эл аралык кѳйгѳйлѳр боюнча да пикир алмашуу болду. Министр Кулубаев 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогондугу үчүн Бангладеш тарапка ыраазычылык билдирди.


                                

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн