Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 23:52
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстан менен Египеттин жарандары үчүн виза алууну жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды

09.04.2025 10:42
119
Кыргызстан менен Египеттин жарандары үчүн виза алууну жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды


Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстан менен Египеттин жарандары үчүн виза процедураларын жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды. 


Ведомстводон маалымдашкандай, маселе Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулунун Египет Араб Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Карим Мазру менен жолугушуусунда талкууланды.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын эки өлкөнүн аймагында коргоо маселелерине бурулду. Ошондой эле, жарандардын өз ара сапарлары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселеси да талкууланды.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылыкты жараткан бардык маселелер боюнча тыгыз жана үзгүлтүксүз байланыштарды сактоо жөнүндө макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн